Министр Алымкадыр Бейшеналиев ага жалган жалаа жабууну каалап жатышканын айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев пара алууга шектелип жаткан кызматкер кеңешчиси эместигин айтты. Бул тууралуу ал Kaktus.media басылмасына курган маегинде билдирди.

Буга чейин УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоонун координатору жана Каракол шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын маалымдаган. Ал 100 500 сом пара алып жатканда кармалды деп билдиришкен.

Кийинчерээк «Клооптун» укук коргоо органдарындагы өздүк булагы саламаттык сактоонун Ысык-Көл облустук координатору акча алып жатканда, жанында министрдин кеңешчиси да болгонун айткан. Ал суракка алынып, кайра коё берилген. Маалымат булагыбыз министрдин кеңешчиси кайрадан кармалса керек деп божомолдоду. Анткени ага карата каршы көрсөтмө берилгенин айткан.

Бейшеналиев пара алууга шектелген аялдардын бири — анын кеңешчиси эмес экенин, ал орун басарынын мурдагы катчысы экенин билдирди.

«Баары менин кеңешчим деп жазып жатышат. Ал мурун министрдин орун басарынын катчысы болуп иштечү. Анан алган акчасы майрамга карата болчу. Маалым болгондой, жакында эле медайымдардын күнү белгиленген. Анын туугандары кафенин ээлери болгону үчүн ал бизге уюштуруу иштерине жардам берди. Ошого төлөсүн деп акча берилген. Ошол маалда ал кармалды», — деди министр.

Министр мындай жол менен ага жалган жалаа жабууну каалап жатышканын, бирок мындай аракеттен «күнөөсүз кыз жабыркаганын» кошумчалады.

Тема боюнча: Видео: Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси пара алууга шектелип жатат

УКМК: ССМдин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды