«Спектаклдын артында кимдер турганы ачыкка чыкты». Саламаттык сактоо министри кайрылуу жасады

Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-майда кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал ага карата «каралоолор жана бут тосуулар болуп жатканын» айтып, буга орун басарларын күнөөлөдү.

Ошондой эле Бейшеналиев орун басарларынын «үстүнөн түшкөн даттануулар чын экенине көзүм жетти» деп белгиледи.

«Кудай буюруп иш-сапардан келсем биринчи кезекте үч орун басардын ээлеген кызматтарына ылайыктуулугу тууралуу маселени карай турган болдум. Анткени алар боюнча менин божомолдорум, шек саноолорум туура чыкты. Себеби Ташиев, Бектурганов жана Рахматуллаевдер жүрүп жаткан реформаны “саботаж” кылып, анысы аз келгенсип бут тосушту. Жети-Өгүздөгү* пара “спектаклинин” артында кимдер турганы азыр ачыкка чыкты», — деди ал.

Бейшеналиев орун басарларында «тажрыйба жетишсиз болуп, сын-пикирлерге кайдыгер болгону үчүн медицина тармагындагы мыйзамсыз иш-аракеттер, антисанитариядан улам массалык уулануулар катталып жатат» деген пикирде.

Ал маалымат жыйын куруп, анын үстүнөн арыздангандардын баары «10-20 жылдан ашык министрликте иштегенин» белгилеп, «медицина тармагынын кыйрашына алардын тиешеси бар деп ишенимдүү айта алам» деп билдирди.

Министр алар кызматтан бошотулса «бүтүндөй саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери үчүн да, жарандар үчүн да жеңилдик болот» деп эсептейт.

«Эми таза абийир менен 2020-жылдагы пандемияда каржы жана гуманитардык жардамдын уурдалышын иликтеп, бардык маалыматты коомчулукка жеткирүүгө болот. Биз баштаган реформабызды аягына чейин чыгарабыз. Азыркы бут тосуулары, кайсы бир топтун мага карата кааралоосу. Бирок мен буга сынбайм! Элим, президентибиз колдоп турса медицина тармагына өзгөрүүлөрдү алып келебиз», — деп кайрылуусун жыйынтыктады ал.

Орун басарлардын маалымат жыйыны, Бейшеналиевди «каралоо»

Сүрөт: Канымгүл Элкеева/Azattyk

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары жана бир катар башкармалыктардын жетекчилери 16-майда маалымат жыйын курган. Алар министр «этиканы сактабай», кызматкерлерди «мазактап, коркутуп жүргөнүн» айтышып бийликтегилерден аны жумуштан алууну суранышкан.

Алардын бири Улук-Бек Бектурганов Бейшеналиев ага телефон чалып «койнуңдагы келинчегиңди инилериме салып берип кой» деп айткан деп билдирген.

Дагы бир орун басары Жапаркул Ташиев маалымат жыйын курууга министрдин «чектен чыгып кеткен жоруктары» мажбур кылды деп түшүндүргөн.

«Кыска убакыттын ичинде эмнелер гана болбоду, эмне деген маектерди бербеди, эмне деп гана бирөөлөрдү шылдыңдабады. Ошол шылдыңга, уятка биз калып отурабыз. Биз дагы, аппарат дагы ошого чыдап отурабыз [...] Ал киши бул орунда иштөөгө ылайыксыз деп билдиребиз», — деген Ташиев.

Ошондой эле алар Бейшеналиевди кызматтан алуу тууралуу кайрылууну УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго жолдошкон.

Жети-Өгүздөгү майрамдык иш-чара жана пара менен кармоо

Сүрөт: УКМК

Мурдараак Бейшеналиев «мага жалган жалаа жабууну каалап жатышат» деп билдирген. Ошондой эле ал Германияга иш-сапарга баратканда УКМК тарабынан суракка алынганын белгилеген.

14-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору 100 500 сом пара алууга шектелип кармалганын билдирген. Анын жанында министрдин кеңешчиси да болгону айтылган.

Бейшеналиев өзү бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.

«Баары менин кеңешчим деп жазып жатышат. Ал мурун министрдин орун басарынын катчысы болуп иштечү. Анан алган акчасы майрамга карата болчу. Маалым болгондой, жакында эле медайымдардын күнү белгиленген. Анын туугандары кафенин ээлери болгону үчүн ал бизге уюштуруу иштерине жардам берди. Ошого төлөсүн деп акча берилген. Ошол маалда ал кармалды», — деген ал.

Акыркы бир нече күндөн бери соцтармактарда Бейшеналиевдин «кеңешчиси делген аял менен түшкөн» сүрөттөрү тарап жатат. Фейсбуктагы тайпаларда УКМК тарабынан пара алууга шектелип жаткан аял — «Бейшеналиевдин жакын адамы экени» айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Министр Алымкадыр Бейшеналиев ага жалган жалаа жабууну каалап жатышканын айтты

Видео: Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси пара алууга шектелип жатат