Бишкек: Орусия элчилигинин унаасы жөө жүргүнчүнү коюп кетти

Бишкекте 17-май күнү Жаш Гвардия бульвары жана Жибек Жолу жолу көчөсүнүн кесилишинде машина жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, жөө адамды койгон айдоочу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин унаасын айдап бараткан.

«Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жөө жүргүнчү жолго чыга калган. Аны унаа менен коюп кетишкен. Жабырлануучу аман калды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жөө киши мас абалда болгон. Ал наркологияга жиберилген», — деп билдиришти милициянын кайгуул кызматынан.

Милициядан жабыркаган адамдын саламаттыгы туруктуу экенин, колунан жабыркаганын белгилешти.

Ал арада Орусия элчилигинен мекеменин унаасы жөө жүргүнчүнү коюп кеткени тууралуу маалыматты тактап жатышканын «Клоопко» билдиришти.

Апрель айында Subaru Forester унаасынын айдоочусу жол кырсыгы болгон жерден качам деп жолдон өтүп бараткан кызды коюп кеткен. ЖКККББдан кыз алган жарааттарынан улам шаардагы ооруканалардын биринин реанимация бөлүмүндө көз жумганын кабарлашкан. Маркум 26 жашта болчу.