Болот Назаров иштин материалдарын кыргызчага которууну өтүнүп, соттук угуу жылдырылды

Болот Назаров. 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту акын Болот Назаровдун баңгизат ишине байланыштуу ишин 20-майда, саат 15:00дө карамай болду. Бул тууралуу угууну жеринде чагылдырып жаткан «Клооптун» кабарчылары кабарлашты.

Маалыматка караганда, соттук угууну жылдырууга Болот Назаровдун иштин материалдарын кыргыз тилине которуу өтүнүчү себеп болду.

18-майда журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровдун баңгизат ишине байланыштуу алгачкы соттук угуу башталган. Жыйын жабык эшик артында, эки башка залда өткөн.

Акын Болот Назаров иликтөөчү журналист Болот Темиров негиздеген Temirov Live Youtube-каналы менен кызматташат. Ал Temirov Live’дын коррупция жана мыйзамсыздык тууралуу иликтөөлөрүн ырга салып айтып берет.

Болот Назаровго козголгон кылмыш иштер

Бишкек ШИИБинин маалыматы боюнча, Назаров 22-январда Жумабек жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Милиция кызматкерлери төкмө акындын жанынан полителен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Бишкекте ШИИБдин алдында акынды колдоо митинги өткөн. Митингге катышкандардын арасында төкмө акындар да болгон. Алар комуз менен ырдап, Назаровду бошотууну талап кылышкан.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев алгач төкмө акынды «наркоман» деп атаган, митингчилердин нааразычылыган кийин гана Назаров шектүү экенин моюндаган.

Назаров эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Ал өзүнүн кармалышын чыгармачылыгы менен байланыштырган. Акын буга чейин да бир нече жолу белгисиз адамдар кол салышканын, бир ирет эринин жарышканын айткан.

Төкмө акын Болот Назаров карапайым жарандардын жакырчылыгы, бийликтегилер жана коомдогу көйгөйлөр тууралуу төгүп ырдаганы менен белгилүү. Ал ырларынын биринде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди дагы сындаган.