Видео: Жамгырдан улам Ош аэропортунун күтүү залынын шыбы урап түштү

18-майда катуу жааган жамгырдан Ош эл аралык аэропортунун күтүү залынын шыбы урап түштү. Маалыматты «Клоопко» «Манас» аба майданынын маалымат катчысы Алия Курбанова тастыктады.

Курбанованын айтымында, кырсыктан жабыркагандар болгон жок, ал эми учуулар үзгүлтүксүз уланууда.

Соцтармактарга окуя учурунда тартылган видеолор тарады. Анда жаан суусу имараттын чатырын тешип өтүп, залдын ичине шаркырап куюулуп жатканын көрүүгө болот. Суунун шарынан шыптын бир нече бөлүгү урап түшкөн.

Тургундар тарткан тасмадан жаан суусу аэропорттун аймагын да каптап, улгайган адамдарды көтөрүп өткөрүп жатышкандарын да көрүүгө болот.

Ош эл аралык аэропортунун шыбы урап түшкөн жаңы терминалынын күтүү залы 2018-жылдын февраль айында пайдаланууга берилген. Жаңы объекттин жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн.

Оштогу аэропорт 1974-жылдан тарта иштей баштаган. Ал чоңдугу жана жүргүнчү агымы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат.