Кочкор районунда жол кырсыгынан төрт киши каза таап, эки адам жабыркады

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгынан төрт адам адам каза таап, эки адам түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

«Жол кырсыгы Теңдик айылынан өткөн Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында болгон. КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан», — деп билдиришти ӨКМден.

Мекемеден билдиришкендей, жабыркаган эки адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген, ал эми каза тапкан төрт адамдын сөөгүн куткаруучулар унаалардан чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.