Өлкөнүн түштүк аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Сүрөт: ӨКМ

18-майда сел жүргөн Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу районунда кырсыктын кесепетинен Жаңы-Арык — Кызыл-Суу унаа жолунун 4-чакырымы, Отуз-Адыр каналынан ташыган суудан Кайрагач айылына караган унаа жолу тосулган. Мындан сырткары,Садырбай, Эшме жана Казак уулу айылдарында турак үйлөр жабыркаган. .

Өзгөн районунда Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Доңуз-Тоо айылында, Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Корсетти айылында ички чарбалык жолдорду сел жууп кеткен. Андан тышкары Жылалды айыл өкмөтүнүн Калта, Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылдарында турак үйлөрдү, жертөлө жана мал сарайларды суу каптаган.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылында сел суусу бир көпүрөнү агызып кеткен, үйлөрдүн короосун, жолдорду каптаган. Ала-Букада электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Баткен облусунун Кадамжай шаарында сел суулары турак үй жана социалдык объектилердин короолоруна кирген. Ошондой эле жети көпүрөнүн жээгиндеги кум-шагылды жууп кеткен.

Мекемеден табият кырсыгы болгон аймактарда атайын техника, куткаруучулар иштеп жатканын белгилешти. Ал эми тийиштүү органдар селдин кесепетинен келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат.