Эл артисти, атактуу диктор Бактыбек Мамытов дүйнөдөн кайтты

Бактыбек Мамытов

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жүзү, атактуу диктор Бактыбек Мамытов 72 жашында узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери маалымдашты.

Мамытов Эл артисти наамынын жана «Даңк» медалынын ээси. Алып баруучу Гүлшан Молдоева менен чогуу алып барган «Арноо концерти» берүүсү элдин сүймөнчүлүгүнө айланган.

Мамытов Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында 1950-жылы 3-мартта туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин филология факультетин аяктаган. 1975-жылдан тартып КТРКда (УТРК) дикторлук жана алып баруучулук кесипти аркалап келди.