УКМК Ош ШИИБдин кызматкерин пара опузалоого шектеп кармады

Ош ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү 1 500 доллар өлчөмүндө пара опузалоого шектелип жатат. Ал 18-майда 20 миң сом пара алып жаткан учурда колго түштү.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Бишкекте Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү 200 миң сом пара алып жатканда кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган кызматкер кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн тургундан ортомчу аркылуу 4 миң АКШ долларын талап кылган.

Тергөөчүгө жана анын ортомчусуна «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алар, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Апрелде УКМК Биринчи май РИИБнин тергөөчүсүн пара алып жаткан жеринен кармаган. Ошол кезде атайын кызмат кармалган адам сотко чейинки тергөөнү токтотуу үчүн аялдан 2 миң АКШ доллар пара алган деп билдирген.