Видео: Кара-Сууда сел суулары 107 баш майда малды агызып, 87 кой өлдү

Кара-Суудагы сел. Сүрөт: ӨКМ

18-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районунда 107 баш койду сел суулары агызып кетти. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМдин маалымат катчысы Элнура Муктарова билдирди.

Маалыматка ылайык, койлор райондун Отуз-Адыр айыл аймагынын Кызыл-Абад айылынын тургунуна таандык болгон. Жергиликтүүлөр 23 баш койду сактап калышкан, ал эми 87 баш кой өлгөн.

19-май күнү Баткен облусунун бир катар аймактарында да сел жүрдү. Саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Катраң, Баул айылдарында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, таш менен курулган дамбанын 80 метр аралыгын бузуп кеткен.

Ал эми Баул айылында болжол менен 200 баш майда малды сел суулары агызып кеткен.