Сокулук районунда сүттү кайра иштетүүчү завод курулат

Министрлер кабинети 16,3 гектар кайрак жерди сүттү кайра иштетүүчү завод жана логистикалык борбор куруу үчүн бөлүп берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, жер тилкеси Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында орун алган. Эми «Айыл чарба багытындагы жер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо же башка багыттагы» категорияга которулат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө өлкөдө ишкерлик кылууга бардык шарттар түзүлүп жатканын айтты.

«Бөлүнгөн жерлер максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө механизмдерин мыйзам чегинде карап чыгуу керек. Максатсыз пайдаланбаган учурлар болсо, мурда өнөр жай обьектилерин куруу үчүн берилген жерлер токтоосуз мамлекеттин менчигине кайтарылышы зарыл», — дейт ал.

Аны менен катар, Жапаров завод, фабрика курам деп ниеттенген ишкерлердин финансылык абалын, насыя алуу жана салык төлөө мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Дайрага төгүлгөн тонналаган сүт

Ушул жылдын апрель айында депутаттыкка мурдагы талапкер Элнура Алканова төрт видео жарыялап, «Үмүт жана Ко», «Ак-сүт» жана «Кант сүт» компаниялары сүт алуудан баш тартып жаткандыктан Чүй облусунда фермерлер сүттөрүн дарыяга төгүүгө аргасыз экенин билдирген. Алканова заводдор ушундай жол менен товардын баасын түшүрүп жатышы ыктымал деп болжогон.

Алканова жарыялаган видеого министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев реакция кылган. Ал маалыматты текшерүү үчүн «Үмүт жана Ко» жана «Ак сүт» компанияларына барганын билдирген.

Ал бир нече видео жарыялаган, анын биринде компаниялардын биринин кызматкери делген киши интернетке тараган видеолор былтыркы экенин айткан. Дагы башка видеодо кароолчу учурда завод (кайсыл завод экени белгисиз) сүттү кабыл алып жатканын айткан.

Видеолор 2021-жылы тартылганын Айыл чарба министрлиги да билдирген.

Бирок милиция Чүй облусундагы дайралардын бирине тонналап сүт төккөн кишини таап, тасма быйыл тартылганын билдирген.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 30-апрелде жеке менчик компаниялардын бири сүт тарткычтын айдоочусу Сокулук районунун Жаңы Жер жана Жогорку-Чүй айылдарынан чогултуп келген 8,5 тонна сүттү кабыл албай койгон.

Сүт тийиштүү талапка ылайык келбей калган. Ал эми айдоочу сүттү 1-майда Жаңы-Жер айылындагы дайрага төгүп, төгүп жаткан учурду видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.

Тема боюнча:

Милиция дайрага 8 тоннадан ашык сүттү төккөн адамды тапты

Тонналап төгүлгөн сүт. Төрөбаев фермерлер жана сүт продукциясын өндүрүүчүлөр менен жолугушту