Temirov Live: Казыбек Ташиевдин компаниясы 4 жылда жалпы 58 млн сомдук тендер уткан

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Казыбек Ташиевге 2020-жылга чейин таандык болгон «Томас и Ко» компаниясы 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы суммасы 58 млн сомго чукул тендерди утканы аныкталды. Бул тууралуу журналисттик иликтөө Temirov Live’дын Ютуб каналында 10-майда жарыяланды.

«Томас и Ко» компаниясы Мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтына 2015-жылы катталып, бир жылдан кийин тендерлерди утуп баштайт. Күйүүчү май негизинен Жалал-Абад облусунун аймагындагы мамлекеттик ишканаларга сатылган.

Журналисттердин маалыматына ылайык, «Томас и Ко» жүздөгөн лотторду утуп, жалпысынан 58 млн сомго жакын суммада күйүүчү май жеткирген.

Маселен, Камчыбек Ташиевдин кичи мекени болгон Сузак районунун Барпы айылында компания айыл өкмөт жарыялаган 553 миң сомдук тендерди уткан. Бул учурда Ташиевдин өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев Барпы айыл өкмөтүн жетектеп турган.

Ошондой эле «Томас и Ко» 2020-жылга чейин №30 жол-эксплуатациялык мекемесине 15 млн сомдон ашуун тендерин уткан.

Казыбек Ташиевдердин бир тууганы Шайырбек Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат болуп турган кезде «Томас и Ко» шаардык мэрия менен шаардык кеңешке 1,5 млн сомго күйүүчү май саткан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, 2016-2020-жылдар аралыгында компания төмөнкү суммадагы тендерлерди уткан:

  • Жалал -Абад шаардык кеңештин депутаттарынан 135 миң сом;
  • Жалал-Абад шаардык мэриясынан 283 миң сом;
  • Жалал-Абад суу түтүк-канализация чарба башкармалыгынан 477 миң сом;
  • Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынан 313 миң сом;
  • Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинен 244 миң сом;
  • Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынан 120 миң сом;
  • Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынан 16 миң сом уткан.

Журналисттер Камчыбек Ташиев 2014-жылы «Азаттыктын» эфиринен кийин «Томас и Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн катарында болбосо да компания ага таандык экенин мойнуна алганын эске салышты.

Тай-Мурас Ташиевдин «Мока Групп» компаниясы

Temirov Live Ташиевдин үй-бүлөсүнө караштуу компаниялар тендерлерди утуп алганы тууралуу буга чейин иликтөө жарыялаган. Анда Ташиевдин уулу Тай-Мурас негиздеген «Мокка Групп» компаниясынын тендерлери тууралуу айтылган. Компания Мамлекеттик сатып алуулар сайтында 2022-жылдын 31-январында катталып, ал эми жаз айларында Жалал-Абаддагы мамлекеттик ишканаларга бензин жеткирүү боюнча тендерлерди утуп баштаган.

Аталган компания 3–мартта жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына дээлик 200 миң сомго бензин жеткирүү боюнча тендерин утап алган.

Компания дээрлик 50 миң сомго бензин сатып алуу боюнча экинчи тендерди 2022-жылдын 8-апрелинде утуп алган — аны Жалал-Абад шаардык кеңеши жарыялаган.

Ошондой эле компания үчүнчү ирет ушуга окшогон 100 миң сомдун тегерегиндеги тендерди жеңип, эми Жалал-Абад мэриясына бензин жеткирип бериши керек. Бирок бул тендер боюнча келишим түзүлө элек.

Аны менен бирге журналисттер белгилегендей, баардык тендерлерде «Мока Групп» компаниясы жалгыз катышуучу болуп келген.

Мындан сырткары журналисттер 2022-жылдын апрель айында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин үч күн өтпөй депутат Шайырбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Элмирбек Кыдыршаев тендерлерге катышуу ниетин билдирип, Мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталганын аныкташкан.

Иликтөөлөрдөн кийин Болот Темиров ага карата дагы үч жаңы кылмыш иши козголгонун билдирген. Темиров «Документтерди жасалмалоо» жана «Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен шектелип жатат.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атаган. Ал эми журналисттин жактоочусу Темировго карата козголгон иштерди иликтөөгө карата «толугу менен абсурд» деп аташкан.