Мамкызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу: Коргонбай уулу мыйзам долбоорун чакыртып алды

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, мамлекеттик кызматкердин ар жылдык эмгек өргүүсүн узартууну сунуштаган мыйзам долбоорун чакырып алды. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку Кеңештин ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам долбоору парламенттин сайтына 20-майда чыгарылган. Демилгечиси деп Коргонбай уулу көрсөтүлгөн. Бирок, ЖМК демилге тууралуу жазып чыгып, соцтармактарда нааразычылыктар жаралгандан кийин депутат андай мыйзам долбоорун сунуштабаганын айтып чыкты.

Парламенттин сайтынан скриншот. Сүрөт: «Апрель».

«[...] Мамлекеттик чиновниктердин иш өргүүсү боюнча мындай сунуш берген эмесмин. Санкт-Петербург шаарынан учуп келгениме эки күн эми болду. Жалган маалыматтан абайласаңар […] Мамлекеттеги чиновниктер тескерисинче кабинеттерине раскладушка коюп алып жатып иштеш керек! Дем ала турган заман болбой жатат!» — деп жазды ал Фейсбук барагына.

Депутат бул сөздөрүн 24-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында дагы кайталады. Эл өкүлү юристтер анын колу коюлган башка документтер менен алмаштырып берип салышы мүмкүн деп болжоду.

«20-май күнү бизге Жусупбек Коргонбай уулу кол койгон Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөнү мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу тууралуу кат келген. [...] Эмне болуп кеткенин айта албайбыз […] бирок бизге анын колу коюлган кат келген», — деп билдиришти «Клоопко» парламенттин басма сөз кызматынан.

Парламенттин басма сөз кызматынан 24-май күнү Жусупбек Коргонбай уулунан кол коюлган дагы бир кат келгенин, анда депутат мыйзам долбоорун чакыртып алууну суранганы айтылганын кошумчалашты.

Ал эми парламенттин сайтында аталган мыйзам долбоору жайгаштырылган бети өчүрүлгөн.

Парламенттин сайтынан скриншот.

Мыйзам долбоорунда депуттатарга, чиновниктерге жана башка мамлекеттик кызматкерлерге эмгек өргүүсүн 28 календардык күндөн ашык кылып белгилөө сунушталган болчу.

Дагы окуңуз:  Парламентте мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттардын эмгек өргүүсүн узартуу сунушталды