Ош жана Жалал-Абад облустарында аскердик машыгуулар башталды

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында 24-майда «Коопсуздук-2022» жана «Түштүк-2022» биргелешкен аскердик машыгуулар башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Аскердик машыгууга Куралдуу күчтөрдүн аймактык башкаруу органдары, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер министрликтеринин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрү катышып жатат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик да тартылган.

Машугааларга «Республиканын айрым жерлерине аскердик абалды киргизүү шарттарында мамлекеттик органдардын иши» аталышындагы тема коюлган.

Завершение учений «Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» машыгуулары. Сүрөт: «Кабар».

Ош шаардык мэриясынан машыгуунун алкагында Ош облусунун Ош жана Ноокат шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунунун Ала-Бука районунун айрым резервдик түзүлүштөрүн практикалык түзүү менен аймакка аскердик абалды киргизүү шартында абалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар аткарыларын билдиришти.

Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун жана коргонуусун камсыз кылуу, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен өткөрүү пункттарын орнотуу уюштурулат. Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү жарандарды белгилүү бир аймактан эвакуациялоону, фильтрациялык пункттарды жана качкындарды убактылуу жайгаштырууну иш жүзүндө көрсөтүп беришет.

Коргоо министрлигин маалыматына ылайык, машыгуулар 26-майда аяктайт. Ош шаардык мэриясы шаар тургундарын жана конокторун аскердик техникалардан жана шаардын кире беришиндеги блокпосттордон чочулабоого чакырды.

«Коопсуздук-2021» жана «Түштүк-2021» аскердик машыгуулары өткөн жылы да уюштурулуп, ал Баткен облусунда өткөн.