ТИМ: Июндан тартып Бишкек — Үрүмчү авиакаттамы жанданат

Кыргызстан менен Кытай июндан тарта «Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү» авиакаттамын жандантууну макулдашышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ТИМден чечим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда жетишилген макулдашуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынганын билдиришти.

«Каттамдарды жандантуунун деталдарын жакын арада эки өлкөнүн тийиштүү органдары макулдашылат», — деп билдиришти ведомстводон.

Эки шаардын ортосундагы авикаттам 2021-жылдын жаз айларында убактылуу токтотулган.

2021-жылдын мартында China Southern авиакомпаниясы «Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү» багыты боюнча тынымсыз авиакаттамдарды өзгөчө буйрук чыкканга чейин токтоткон. Бул чечим эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жатканына байланыштуу кабыл алынган.

2022-жылдын февралында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Пекинде жолугушуусу өткөн. Жолугушууда өлкө башчылары эки мамлекеттин ортосундагы авиакаттамдарды жандантууну талкуулашкан.