Эпидкырдаалга байланыштуу айрым авиакаттамдар токтотулду

Эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жатканына байланыштуу Алматы, Үрүмчү жана Орусиянын бир катар шаарларына айрым эл аралык рейстер жокко чыгарылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

«Авиа Траффик» авиакомпаниясы төмөнкү багыттар боюнча Орусияга каттаган рейстерди жокко чыгарды:

Бишкек — Воронеж – Бишкек – 3-апрелден 25-апрелге чейин;

Бишкек — Грозный — Бишкек — 30-марттан 6-апрелге чейин;

Бишкек — Иркутск — Бишкек — 1-апрелден 29-апрелге чейин;

Бишкек — Казань — Бишкек — 5-апрель;

Бишкек — Краснодар — Бишкек — 2-май;

Бишкек — Красноярск — Бишкек — 30-март;

Бишкек — Новосибирск — Бишкек — 31-март жана 2-апрель;

Бишкек — Сургут — Бишкек — 3-апрель

China Southern Airlines авиакомпаниясы өзгөчө буйрук берилгенге чейин Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багыты боюнча туруктуу каттамдарды жокко чыгарды. Бирок буга чейин, 28-марттан баштап, бул багыт боюнча жумасына 7 рейс аткарылары тууралуу маалымат берилген.

«Air Astana» Алматы — Бишкек — Алматы багытындагы айрым туруктуу каттамдарды убактылуу токтотту.

  • 29-марттан 29-апрелге чейин дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү;
  • 31-марттан 28-апрелге чейин шаршемби күндөрү;
  • 30-марттан 30-апрелге чейин шейшемби жана жума күндөрү.

Буга чейин, «Air Astana» Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча жумасына 10 жолу каттай турганы жөнүндө маалымат берилген.

Каттамдардын тизмесин «Манас» аэропортунун сайтынан көрүү мүмкүн.

«Манас» аэропорту авиабилеттерге коюлган бааларга эч кандай таасир кыла албасын жана аларды жөнгө сала албасын белгилейт. Көптөгөн багыттар боюнча авиабилеттердин баасы коронавирус пандемиясы башталгандан кийин киргизилген чектөөлөрдүн кесепетинен эселеп өсүп кеткен.

Буга чейин «Манас» аэропорту 28-марттан тарта беш өлкө Кыргызстанды көздөй туруктуу авиакаттамдардын санын көбөйткөнү тууралуу маалымат берген.