Бишкек шаардык соту «Кумтөргө» 261 млрд сом штраф салуу чечимин жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту 24-майда Октябрь райондук сотунун «Кумтөр Голд Компаниге» 261,7 млрд доллар өлчөмүндө штраф салуу тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн жылдын майында жарандык активисттер Наристе Калчаев, Айбек Сарыбаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов Октябрь райондук соту кайрылышкан. Алар Кумтөр кенин иштетүүдө чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө төгүүнү мыйзамсыз деп таанууну талап кылышкан.

Райсот бул талапты канааттандырып, «Кумтөрдөн» мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом, андан тышкары, 1,3 млрд сом мамлекеттик алым төлөп берүүгө милдеттендирген.

«“Кумтөр Голд Компаниге” карата [төрт активисттин] калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө топтооо боюнча [...] аракеттерин мыйзамсыз деп табуу жана мамлекеттин пайдасына сумманы өндүрүп алуу тууралуу доо арызы канааттандырылбастан токтотулду», деп айтышты шаардык соттон.

Ал жактан бул чечимди Жогорку сотто даттанса болорун кошумчалашты.

Арыз ээлери Айбек Сарыбаев жана Наристе Калчаев барымтага алуу жана президент Садыр Жапаров сыяктуу эле Караколдо башаламандыктарды уюштурууга айыпталганы белгилүү.

Сотко даттанган үчүнчү жаран Кемелбек Кутманов, Kaktus Media басылмасынын маалыматына ылайык — Экология министри Динара Кутманованын уулу.

Тема боюнча: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

«Кумтөр» Кыргызстанга кантип өтүүдө?

«Кумтөр Голд Компаниге» штраф кыргыз бийлиги компанияга сырткы башкаруу киргизгенге чейин эле салынган. Былтыр май айында парламент компанияга тышкы башкаруучу кылып канадалык Centerra Gold Inc’тин директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү дайындаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компания бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат, кыргыз өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп билдирген. Ошондой эле алар, Бөлтүрүктү сотко беришкен.

Кийин тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. 2021-жылдын сентябрынын аягында ал убакта Каржы министри Акылбек Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев башында турган кыргыз делегациясы Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасын баштоо үчүн Женевага жөнөп кеткен.

ЖМК өз делегациянын курамындагы булактарына таянып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы «канааттандыраарлык» экенин жазышкан. Кийин видеоконференция аркылуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өткөн.

Ал эми 2022-жылдын 2-январында президент Садыр Жапаров «канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендигин» билдирген.

Апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан. «Кумтөр Голд Компани», Centerra’нын «туундуу» ишканасы толугу менен Кыргызстанга өткөнү жетишилген келишимдердин бири болгон.«Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды», — деп жарыялаган президент Садыр Жапаров келишимге кол коюлгандан кийин.

Минкаб жана Centerra келишим кол коюлгандан 90 күндөн кем эмес убакыттын ичинде жабылат деген үмүттө.

Тема боюнча: «Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы