Женевада кыргыз өкмөтү менен Centerra’нын алгачкы сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

Швейцариянын борбору Женева шаарында 30-сентябрда Кыргызстандын өкмөтү менен Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду аяктады. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды.

«Азаттыктын» маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр 28-30-сентябрга чейин жүрдү.

Кыргыз делегациясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштап барды. Андан тышкары, делегациянын курамында «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк, башпрокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер болду.

Centerra делегациясын Канада компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри жетектеди.

Скотт Перри, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев жана Теңгиз Бөлтүрүк.

«Азаттык» сүйлөшүүлөргө катышкан булакка танып, биринчи раунд ийгиликтүү аяктаганын жазды.

«Эки тарап сүйлөшүү столуна отуруп, бири-бирине нааразылыктарын ачык айтышты. Тараптар сүйлөшүүнүн маңызын, деталдарын позицияларын ачыктай албагандыктан, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттангандыгыбызды билдире алабыз. Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз позициясында бекем турду. Сүйлөшүүлөр уланат», — деп билдирген ал журналисттерге.

Кыргызстандын бийлиги дагы, Centerra дагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду тууралуу билдирүү жасай элек.

Минкабдын басма сөз кызматынан «Клоопко» «бул маселе боюнча маалыматыбыз жок» деп билдиришти.

27-сентябрда Ташиев Женевага учуп кеткени белгилүү болгон. «Регион ТВ» каналынын директору Өткүрбек Рахманов анда УКМК төрагасы «Кумтөрдүн тагдырын чечкени» кеткенин билдирген.

«Регион ТВ» телеканалын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. «Региондун» башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуга берген маегинде телеканал Ташиевге караштуу экенин тастыктаган.

Кумтөрдөгү тышкы башкаруу

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Кумтөр кенинин айланасындагы жаңжал бир нече айдан бери уланууда. 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Ага ылайык, сырткы башкаруу эгерде компания экологиялык нормаларды бузуп, калктын ден соолугу менен өмүрүнө реалдуу коркунуч туудуруп, коркунучту жоюу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча талаптарды аткарбай жатса киргизилет. 14-майда президент бул мыйзамга кол койгон.

Ал эми 17-майда депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компания бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат, кыргыз өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп эсептейт. Ошондой эле алар, Бөлтүрүктү сотко беришкен.

18-майда минкабдын башчысы Улукбек Марипов «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү жамаатка тааныштырып атат. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы. 

Алгач тышкы башкаруу үч айга киргизилгени айтылган, бирок кийин ал автоматтык түрдө узартылаары белгилүү болгон.

Тема боюнча: Компания ар бир депутатка отчёт берүүгө милдеттүү эмес — «Кумтөр» эл өкүлдөрүнө жооп берди

Centerra менен болгон соттор

Кумтөр карьери. Сүрөт: Ислам Розиев / «Клооп»

Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Сот компанияны Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды төгүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерек Centerra үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата отчётун жарыялаган. Анда компания Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки чыгымды 926,4 млн доллар деп баалаган.

Тема боюнча окуңуз: Centerra: Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөрдү» басып алуусунан 1 млрд долларга жакын чыгым тарттык

Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузгандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.

1-июнда Centerra’нын туунду компаниялары — «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылып, банкротко учуратуу процессин баштоону суранган. Сот доо арызды кароону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

«Кумтөр» болсо Centerra’нын аракеттери «ар кыл ыкма менен кендин ишмердигин токтотууга» жана «Кыргызстанды мындай олуттуу өндүрүш комплексин башкарууга даремети жетпейт деп айыптоого» багытталган деп эсептейт.

Тема боюнча: Нью-Йорк соту Centerra’нын кыргыз өкмөтүн айыпка жыгуу доосун четке какты

АКШ соту Кумтөр кенине жабдууларды жеткирүүгө тыюу салды

Башкы беттеги сүрөт: Economist.kg.