Мындан ары мектептерде аптанын башында жана аягында өлкө гимни жаңырмай болду

Мындан ары мектептердеги окуу аптасынын биринчи жана акыркы күнү Кыргызстандын гимни менен коштолот. Бул тууралуу «Клоопко» Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул сунушту 24-майда Баткендеги коллегияда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев сунуштады. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлөрү жана мугалимдер катышты. Коллегиянын бардык катышуучулары министрдин сунушун бир добуштан колдошту.

«Мындай демилге окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт», — деп түшүндүрүштү министрликтен.

«Улуттук нарк жөнүндө» жарлык

2022-жылдын май айында президент Садыр Жапаров «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, мамлекеттик катчы Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программа иштеп чыгышы керек — буга 1-сентябрга чейин убакыт берилет.

Бул программада диний ишенимдер жана каада-салттын баалуулуктары бири-бирине карама-каршы коюлбашы керек. Аны менен катар, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга артыкчылык берилет.

Жарлыкта Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгына багытталган сунуштамалар да бар. Дин башкармалыгына салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодо келип чыгуучу «түшүнбөстүктөрдү жоюу» сунушталган.

Ошондой эле, аталган программада мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көӊүл бурулушу керек. Андан тышкары, ар бир муундун физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша методдорду, талаптарды иштеп чыгуу зарыл.

2021-жылдын январында Садыр Жапаров ушул сыяктуу дагы бир жарлыкка кол койгон, ал Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын иштеп чыгуу деп аталат.

Концепция «ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону бекемдеши» керек.

Укук коргоо уюмдары жана жарандык коом Жапаровдун жарлыгын сынга алышкан. Алар адам укуктары жаатында абстракттуу баалулуктарды киргизүү жарандык коомго жана ЖМКга карата мамлекеттик репрессиянын күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Бирок ага карабастан концепция иштелип чыгып, ал эми 24-июлда президенттин администрациясынын басма сөз кызматы Садыр Жапаров «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын бекитүү тууралуу» жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Документ 2021-2026-жылдар аралыгына — беш жылга кабыл алынган.