Ош аэропортунун кызматкери жетекчиликтин үстүнөн сотко кайрылды

17-май, 2022-жыл. Жылдыз Токторбаева жана нааразычылык акциясына чыккан кызматкерлер. Сүрөт: Kloop

Ош эл аралык аэропортунун кызматкери Жылдыз Токторбаева аэропорт жетекчилигинин үстүнөн Ош шаардык сотуна жана шаардык прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Токторбаева «Клоопко» 25-майда билдирди.

Ал жетекчилик кызматтан «негизсиз» төмөндөтүлүп, «чындыкка дал келбеген доомат коюп жатышат» дейт. Ал белгилегендей, жетекчилик ага орнитолог кызматын сунуштаган. Бул кызматтагылар аэропорттун тегерегиндеги канаттуулар учууларга тоскоолдук жаратпашын камсыз кылышат.

«Мага жетекчилик "убактылуу кызмат ордунан четтетилсин" деп буйрук чыгарыптыр. “Эмненин негизинде” десем, “комиссиянын чечиминин негизинде” дешти. “Ал эмне болгон чечим, мага бергиле” десем, беришкен жок. Мен ошол күндөн тарта ден соолугума байланыштуу өргүүгө чыгып кеттим. Бүгүн операция болом», — дейт ал.

Мындан сырткары Токторбаева жетекчилик тараптан «кимдир-бирөө кайсыл-бир жака кайрылса иштен айдайбыз» деген коркутуулар түшкөнүн айтты.

Анткен менен аба майдандын жетекчиси Арипжан Токуров Токторбаеванын сотко кайрылганынан кабары жок экенин айтты. Ал кызматкердин дооматтарын четке кагып, аны «кызматтан кетирбейбиз» деп ишендирүүдө.

Токуров кызматкердин квалификациясы учурда ээлеп турган кызматына «туура келебегендиктен» ага башка жумуш сунушталган дейт. Бирок Токторбаева буга макул болбой, өргүүгө чыгып кеткенин айтат.

Ал Токторбаева «биолог болгондуктан» ага орнитолог кызматы сунушталганын айтты.

«Орнитолог кызматы аэропортто кандай канаттуу куштар бар экенин изилдеп, аларды аба майданынын аймагына келтирбөө чараларын көрөт. Жылдыз Токторбаева биолог катары бул кызматтын илимий жагын карайт», — деди ал.

Ошондой эле жетекчи Токторбаевага жана башка кызматкерлерге «коркутуулар болбогонун» айтты.

Бирок Токторбаева учуулардын коопсуздугун сактоо боюнча кызматына квалификациясы толук туура келе турганын айтууда. Ал 2018-жылы Ишембай Абдраимов атындагы кыргыз авиациялык институтунун “Аба транспортундагы менеджмент” адистиги боюнча дипломун көрсөттү.

Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы Токторбаеванын арызы азырынча сотко катта электигин айтты. Ал эми шаардык прокуратура менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

17-майда учуулардын коопсуздугун сактоо боюнча башчынын орун басары Жылдыз Токторбаева жана аэропорттун онго жакын кызматкери жетекчилик «кысымга алып жатканын» айтып нааразычылык акциясына чыккан.

Алар акыркы учурларда «негизсиз» текшерүүлөр жүрүп, бир нече кызматкерге эскертүүлөр берилгенин айткан. Ал эми Жылдыз Токторбаева «жетекчи жумуш ордуларын бошотуу үчүн куугунтуктап жатат» деп билдирген.

Аэропорттун жетекчилиги кызматкерлердин айыптоолорун четке кагып, кызматкерлерге «кысым болбой эле» деп ишендирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош аэропортунун кызматкерлери жетекчилик «кысымга алып жатканын» айтып чыгышты