Чүй облусу: 30 жаштагы аял окуучу кызды уурдоого шектелип кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 30 жаштагы аял өспүрүм кызды уурдоого шектелип кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 18-майында Сокулук районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал милициядан ошол эле күнү эшикке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 12 жашар кызын таап берүүнү өтүнгөн.

Милициянын басма сөз кызматы 18-майда окуучу кыз ата-энесинен мектептин ремонтуна деп 500 сом алып, андан кийин жоголуп кеткенин билдирди. Кийин кыз туугандарына телефон чалып, Ош облусунда жүргөнүн кабарлаган.

Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды эч кандай туугандык байланышы жок Ош облусунда жашаган 30 жаштагы аялдын үйүнөн табышкан.

«Кыз [бул аял менен] телефон аркылуу таанышкан. 18-майда болсо ал аял кызды алдап, үйүнөн алыс жакка алып кеткен», — деп билдиришти милициянын басма сөз кызматы.

Облустук милициядан факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдашты.

Милиция шектүү аялдын ушул сыяктуу башка фактыларга дагы тиешеси бар-жогун текшерип жатат. Иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин балдар бейтаныыш адамдар менен баарлашкан учурлар тууралуу Фейсбук колдонуучусу Анастасия Бенгард дагы жазып чыккан. Анын айтымында, ошол эле мектепте окуган бир нече кыз социалдык тармактар ​​аркылуу белгисиз адамдар менен баарлашып жүрүшкөн. Бирок алар чала тааныш адамдар менен кетип калууга үлгүргөн эмес.