Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапары менен келди

26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Токаевди «Манас» эл аралык аэропортунан минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Аны менен катар өлкө башчылары Евразиялык экономикалык биримдиктин пленардык жыйынына видеоконференция аркылуу катышат.

20-майда Евразия экономикалык кеңешинин 27-майдагы жыйыны видеоконференция форматында өтөрү айтылган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев форумга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келерин билдирген.

Евразия экономикалык кеңешине ЕАЭБге мүчө өлкөлөр — Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия катышат.

23-майдан тарта укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. 26-майдан 28-майга чейин жол кыймылынын коопсуздугун жана тартипти камсыздоо үчүн 4 миң милиция кызматкери жана 200 автоунаа тартылмакчы.

Тема боюнча:

ЕАЭБ президенттеринин жыйыны онлайн өтөт, ал эми Бишкекке Токаев гана келмей болду