Ош жана Жалал-Абад облустарында «Түштүк-2022» аскердик машыгуулар аяктады

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

26-майда Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында «Коопсуздук-2022» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык «Түштүк-2022» комплекстүү машыгуулары аяктады.

Аталган машыгуунун жүрүшүндө Коргоо министрлиги, Чек ара кызматы, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттыкты сактоо министрлиги чек ара постуна кол салуу болгон учурда душман күчтөрүн биргелешип жок кылууну практикалык тартипте көрсөтүштү.

Ошондой эле машыгуу учурунда кооптуу аймактагы жашоочуларды эвакуацияланып, жарадар болгон жоокерлерге биринчи медициналык тез жардам көрсөтүлдү. Душмандын чабуулунан жер кыртышына зыян келген учурда радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу, блок посттон чыккан өрттү өчүрүү ыкмалары болду.

«Бүгүнкү күндө өзүңүздөргө белгилүү болгондой, адамзатынын коркунучуна айланган террористтик жана экстремисттик уюмдар дүйнө жүзүнүн глобалдуу көйгөйү болуп жатат. Ал эми биз өткөргөн машыгуу экстремизм жана терроризмге каршы туруп, өлкөбүздүн коопсуздугун сактоого ишеним көрсөтөт деп эсептейбиз», — дейт Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы Эрлис Теңдикбаев

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында өткөрүлгөн иш-чарага чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин аскердик атташелери да байкоо салышты.

Мындан сыткары, өткөрүлгөн машыгуудагы кетирилген кемчиликтерди атайын комиссия көзөмөлгө алды.

Бул иш-чара өткөн жылы Баткен облусунда өткөрүлгөн болчу. Өлкөнүн коопсуздугун камсыздаган машыгуу Кыргызстанда сегиз жылдан бери өткөрүлүп келет.