«Акнетте» бир катар орусиялык телеканалдар көрсөтүлбөй калды

Орусиянын «Россия Культура», «Россия 24» жана «Звезда» телеканалдары Кыргызстандын «Акнет» кабелдик провайдеринде бир нече күндөн бери көрсөтүлбөй жатат. Аталган телеканалдын баары Орусиянын мамлекеттик теле жана радиоберүү компаниясы таандык.

Компаниянын өзүндө муну бир катар мамлекеттерде жалпы эле орусиялык телеканалдардын көрсөтүлүүсүн чектеген мыйзамдар кабыл алынганы менен түшүндүрүштү.

«Буга байланыштуу эл аралык спутниктерде Орусиянын мамлекеттик телеканалдарын көрсөтүү бир тараптуу бөгөттөлгөн. Ушуга байланыштуу “Россия Культура”, “Россия 24” жана “Звезда” телеканалдарынын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган», — деп айтылат «Акнеттин» билдирүүсүндө.

Компаниядан сигналды туруктуу кылып берүү үчүн резервдик берүүнү уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдиришти.

«Телеканалдын операторлору тарабынан башталган иштер бүтөрү менен көрсөтүү биздин тармакта жеткиликтүү болот», — деп кошумчалашты «Акнеттен».

24-майда казакстандык «Телекарта» спутник оператору дагы санкциялардан улам «Россия 1», «Россия 24» жана «Звезда» телеканалдарын көрсөтүүнү бөгөттөгөнү белгилүү болгон. Компания муну бир катар өлкөлөрдө Орусиянын мамлекеттик телеканалдарын көрсөтүүгө тыюу салынганы менен түшүндүргөн. «Телекарта» резервдик көрсөтүүнү жөндөө иши дээрлик аяктап калганын, орус каналдары «жакынкы арада» кайрадан көрсөтүлө баштарын билдирген.

Орусиянын аскерлери Украинага кол салып, согуш башташкандан кийин Орусияга карата ченемсиз сандагы санкциялар киргизилген. Аны менен бирге бир катар мамлекеттер аймагында орус каналдардын көрсөтүүгө тыюу салган.

Алсак, Russia Today (RT) жана Sputnik («Россия сегодня» медиа тобу) Европа биримдигинин бардык өлкөлөрүндө жана Улуу Британияда бөгөттөлгөн. Евробиримдик, Улуу Британия, Жаңы Зеландия жана башка көптөгөн өлкөлөр Орусиянын мамлекеттик телеканаларына, анын ичинде алардын жетекчилери менен кызматкерлерине санкицяларды дагы киргизишкен.

Кыргызстан «Биринчи каналдын» («ОРТ») жана «РТР-Планетанын» телепрограммаларын көрсөтүү үчүн акы төлөйт. Учурдагы келишим 2023-жылга чейин кабыл алынган. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, алардын көрсөтүүлөрүн алыш үчүн Кыргызстан 14 млн сом төлөп бериш керек. Башка депутат Нурлан Шакиев үстүбүздөгү жалдын мартында орусиялык талеканалдарды көрсөтүү үчүн төлөмдү алып салууну сунуштаган.