Муфтият: Бишкекте борбордук мечит сүрдүрүлүп, ордуна жаңысы салынат

Бишкекте Москва көчөсүндө жайгашкан борбордук мечит сүрдүрүлөт. Бул боюнча маалыматты «Клооптун» кабарчысына Кыргызстан мусулмадарынын дин башкармалыганын билдиришти.

Муфтияттан сүрдүрүлгөн мечиттин ордуна жер алдындагы унаа туругу бар жаңы жана заманбап мечит куруу пландалып жатканын айтып беришти.

«Бир айдын ичинде капсула салынып, имарат буздурулат. Эски кичинекей мечит гана калат, ал өлкөнүн тарыхый мурасына кирет. Жаан жана кардын айынан мечитте бир нече жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Анан калса жума күндө мечиттин айланасында тыгын болуп, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып жаткан», — деп түшүндүрүштү муфтияттан.

Муфтияттан белгилешкендей, мечит демөөрчүлөрдүн акчасына курулат.