Путин чокусуна орнотулган Украинанын желеги кыргыз желегине алмашылды

Альпинисттер Путин чокусундагы Украинанын желегин алып, ордуна Кыргызстандын желегин орнотушту. Альпинизм федерациясынын башчысы Эдуард Кубатов Инстагарам барагына чокудагы кыргыз желегинин сүрөтүн жарыялады.

«Аябай кыйын жана узак күн болду. Кыргыз Республикасынын желегин желбиреттик. Мындан ары туубуз биздин бардык чокуларыбызда болот. Бир аз чарчадым, кененирээк эртең маалымдайм», — деп Кубатов пост жазды.

Сүрөт: Эдуард Кубатов Инстагарам барагы.

Буга чейин альпинисттердин бири соцтүйүндөргө видео жарыялап, Кыргызстандын Ак-Суу капчыгайындагы Путин чокусуна белгисиз бирөөлөр Украинанын желегин коюп кеткенин билдирген.

Альпинист 25-майда РИИБге чакырылып, паспортунун сүрөтүн алып калышканын, ал эми өнөктөшүн суракка чакырышканын билдирген.

Путин чокусу жана Украинадагы согуш

Путин чокусу деңиз деңгээлинен 4 446 метр бийиктикте, Бишкектен анча алыс эмес Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында жайгашкан.

Чокуга 2011-жылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин ысымы ыйгарылган.

Аты жок чокуга Путиндин ысымын ыйгаруу 2010-жылдын декабрында сунушталаган. Депутаттардын сунушу өкмөттө колдоо тапкан. Ошол эле жылдын 24-декабрында премьер-министр Алмазбек Атамбаев Тянь-Шандын чокуларынын бирине «Владимир Путиндин чокусу» деген географиялык ысымды берүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон.

Ал эми 2011-жылдын февралында парламент өкмөттүн демилгесин колдоп берген.

Орус аскерлеринин Украинага толук алкактагы кол салуусунун шартында ар башка өлкөлөрдүн активисттери Украинаны колдоп акцияларды, митинг жана пикеттерди уюштуруп келишет.

Активисттер Бишкекте дагы митингдерге чыгып, украин элине колдоосун билдирип, согушка каршы ойлорун айтышкан. Кыргызстан Орусия менен Украинанын согушунда расмий бейтарап позицияны карманууда, бул тууралуу өлкө бийлигида айтып келет.

Тема боюнча:

Путин чокусундагы Украинанын желеги. Милиция альпинисттерди суракка чакырды