Ош жана Жалал-Абад облустарында катуу жаандан улам сел жүрдү, жабыркагандар жок

Ош жана Жалал-Абад облустарында катуу жаандан улам сел жүрдү. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында сел ички чарбалык жолду каптаган. Ал эми Ылай-Талаа айылында жаандын кесепетинен эгин сугаруучу каналдан суу ашып, 25 үйдүн короосун каптаган.

Мындан улам Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөттөрүндө электр жарыгы өчкөн. Аны кайрадан калыбына келтиришкен. Аталган аймактагы селден жабыркагандар жок.

Ал эми Ош облусунун Өзгөн районунун Кош-Этер айылында сел ички чарбалык жолдорду каптап, 18 үйдү коопту абалга кептеген. Жергиликтүү тургундар туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Мындан сырткары сел суулары Чечебай айылынын да ички чарбалык жолдорун жана 20 турак үйдүн короосун каптаган.

Ошондой эле сел Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылындагы эки үйдүн короосуна кирген.

Мындан тышкары кум-шагыл аралашкан суу агымы Топ-Жаңгак — Кызыл-Көл автожолундагы кыймылга бөгөт койгон. Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлдү.