Минкабдын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ЕЭКке министр болуп дайындалды

Минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри болуп дайындалды. Маалымат ЕЭКтин сайтында жарыяланды.

Ал жактан бул кызматты 2021-жылдын июнунан бери «Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков аркалап келгенин кошумчалашты. Ошол эле кезде Асанбеков эмне себептен кызматтан алынганы айтылган жок.

Эми Кожошев Евразия экономикалык биримдигинин энергетика, инфраструктура жана транспорт маселелерине жооптуу болот.

ЕЭК деген эмне?

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) — Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) туруктуу иштеп турган жөнгө салуучу органы. Комиссия Жогорку Евразия экономикалык кеңешине баш иет. Комиссиясынын чечимдери ЕАЭБ, Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүчө мамлекеттеринин аймагында аткарылууга тийиш.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин курамына Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Кыргызстан кирет.

Евразия экономикалык комиссиясынын негизги милдети болуп Евразия экномикалык биримдигинин, Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин иштөөсүнө жана өнүгүүсүнө шарттарды камсыздап берүү эсептелет.