Бишкектеги сүрдүрүлгөн «Нарын» ресторанынын ордунда курулуш иштери башталды

Бишкектеги сүрдүрүлгөн «Нарын» ресторанынын ордунда курулуш иштери башталды. Бирок ордуна эмне курулаары азырынча белгисиз.

24.kg басылмасынын журналисттери курулуш жүрүп жаткан аймакка кирүүгө аракет кылышкан. Бирок аларды киргизбей коюшкан. Басылмадан эски ресторандын ордунда экскаватор жана жүк ташуучу унаалар иштеп жатканын, андан тышкары участкадан таштанды менен имараттын урандыларын чыгарып жатканын билдиришти.

Бишкек шаардык башкы архитектура мекемеси журналисттерге сүрдүрүлгөн ресторандын аймагында жүрүп жаткан курулуш иштери тууралуу кабары жок экенин, ал тургай уруксат документтеринин берилгени тууралуу маалымат болбогонун билдиришкен.

Бишкектеги «Нарын» рестораны XX кылымдын 80-жылдары курулган. 2005-жылы март айында бийлик алмашкандан бери имарат колдон-колго өтүп келген. Имарат түнкү клуб, казино катары пайдаланылып, кийинчерээк 10 жылга жакын бош турган. Бийлик имаратты бузуу маселесин көпкө чейин талкуулап, бирок 2017-жылы гана сүрдүрүү иштери башталган.

Бишкек мэриясы ресторандын имаратын жеке инвесторлор сүрдүрө баштаганын айткан. Ордуна 20 кабатту «Хуалинь» кеңсе-мейманкана комплексин куруу пландаган.

Мурдараак имарат сатыкка чыгып, наркы 5,5 млн доллар деп бааланган.

Кийинчерээк мейманкана куруу үчүн башка участок каралаарын айтып, курулуштан баш тартышкан.

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов сүрдүрүлгөн ресторандын ордуна жаңы сквер салынарын билдирген. Ал эми 2021-жылы ошол кезде мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев скверди куруу каралбаганын, аталган аймакка түрк инвесторлору көп профилдүү борбор курууну пландаганын айткан. Анын айтымында, жер тилкеси 7 млн долларга сатылган.

Тема боюнча: «Нарын» рестораны бузулуп, ордуна кеңсе имараты курулат