Минюст энесин коргоп мас кишиге бычак шилтеген өспүрүмгө жаңы адвокат бекитти

Энесине кол көтөргөн мас кишиге бычак шилтегени үчүн камалган 16 жаштагы баланын укугун Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген адвокат коргойт. Ал балдар укугун коргоо боюнча тажрыйбалуу адис болмокчу. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбук барагына жазды.

«Юстиция министри Аяз Баетов менен чогуу окуя болгон жерге барып, өспүрүмдүн апасынын өз оозунан уктук. Юстиция министри Аяз Баетов дагы бир ирет иш жеке көзөмөлүндө экенин ырастады», — деди акыйкатчы.

Ошондой эле, Абдрахматованын айтымында, министрлик баланын буга чейинки адвокатынын ишине дагы юридикалык баа берет. Ал эми минюст бекиткен адвокаттын иш-аракети Акыйкатчы институтунун көзөмөлүндө болот.

Абдрахматова өспүрүмдүн камакка алынышы одоно мыйзам бузуу деп табылганын, аны менен катар, ИИМ, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана Бишкек шаардык сотуна расмий кат жөнөтүлүп, өспүрүмдүн бөгөт коюу чарасын тез арада өзгөртүү, камактан чыгаруу талап кылынганын белгиледи.

Окуя кандай болгон?

Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы 14-майда Бишкектеги Рыскулов көчөсүндөгү мейманканада иштеген апасын коргоп мас кишини бычак менен жарадар кылганын билдирген. Ал эми жабыркаган киши ооруканага жеткирилген.

Факты «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, 16 жаштагы бала кармалган. Ал эми Ленин райондук соту № 14 түзөтүү колониясына бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Соттун бул чечими коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, укук коргоочулар жана активисттер уландын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышкан.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 25-майда жашы жете элек баланын баш коргоо чарасын карап, эркинен ажыратуу менен байланышпаган чарага өзгөртүү талабы менен Ички иштер министрлигине кайрылган.

27-майда «Балдардын укугун коргоо» лигасынын директору Назгүл Турдубекова бычак шилтеген өспүрүм энесин коргоого муктаж болгонун айтып чыккан.

Турдубекованын айтымында, мас абалындагы киши өспүрүм анын апасы жана бир туугандары менен жашаган батирге бастырып кирген.

«Булар жашаган үй мейманканага жанаша жайгашкан. Кол салган киши жаш балдары менен жашаган жалгыз бой эненин үйүнө келип, эшигин бир нече жолу тээп, сындырган. Андан соң жулунуп кирип келип аялды бетке муштаган. Ал мейманкана менен алмаштырып, буюмдарын издеп баштаган», — деген укук коргоочу.