Ош: Активисттер борбордук аянтта казиного каршы акция өткөрөт

Сүрөт: Алманбет Абылкасым уулу

Бүгүн, 30-майда, Ош шаарынын активисттери «Кыргызстан казиного каршы» акциясын өткөрөт. Бул тууралуу жергиликтүү активист Алманбет Абылкасым уулу билдирди.

Анын айтымында, акция саат 14:00дө борбордук аянтта өтөт. Казино жана кумар оюндарына каршы чыккан ар кайсы тармактагы «150дөй адамдын келиши күтүлүп жатат».

«Ош ШИИБге жана мэрияга менин атымдан митинг тууралуу билдирүү жана коопсуздукту сактоо боюнча өтүнүч жиберилди», — деди активист.

ШИИБдин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов милициянын митинг тууралуу кабары бар кенин айтты. Ошондой эле кызматкерлер жеринде «коомдук коопсуздукту сактайт» деп убадалады.

12-майда Абылкасым уулу калаада ушундай эле акция уюштурган. Ага 10го жакын адам катышып, казинолордун ачылышына каршы пикирлерин билдирген.

Ал эми 16-майда Ак үйдүн алдында активисттер кумарканаларды ачууга каршы митинг өткөрүшкөн. Анда ондогон адам оюн-зоок залдарын ачуунун терс жактары менен кесепеттерине токтолушкан.

Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында депутаттар оюн автоматтары жана букмекердик залдарды ачууну шарттаган «Оюн-зоок иши» жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактырышкан. Отурумга расмий түрдө 69 депутат катталган. Долбоорун кабыл алууда алардын 56сы «макул», ал эми 13ү «каршы» добуш беришкен.

Кумарканаларды ачуу демилгеси

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген.

Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген