Баткендеги чек арага чектеш аймактарда турак жайларды курууга 200 млн сом бөлүү сунушталды

Баткен облусундагы Лейлек районунун чек арага чектеш Максат айылы. Сүрөт: Kloop

Баткен облусунун чек арага жакын айылдарында ипотекалык турак жайларды куруу пландалууда. Мындай токтом долбоорун 30-майда Экономика жана соода министрлиги сунуштады.

Ага ылайык, турак жай курууга 200 млн сом сарпталышы күтүлүүдө. Ипотекалык турак үйлөр чек арада жашаган тургундарга 4% менен 25 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

«Бул демографиялык процесстердин оң динамикасына өбөлгөлөрдү түзөт, ошондой эле жогорку квалификациялуу эмгек кадрларын кармап калуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу ички миграциянын деңгээлин төмөндөтүүнү камсыздайт», — деп айтылат долбоордо.

Ошондой эле долбоордо көрсөтүлгөндөй, үйлөрдү Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттиги курат. Баткен облусун өнүктүрүү кеңешине жаңы үйлөр курула турган калктуу конуштарды аныктоо тапшырмасы берилет.

Апрель айында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Аида Төлөгөнова дагы бул долбоор боюнча сөз кылган. Анда ал аймактарга турак жай куруу үчүн 3,5 миллиард бөлүнгөнүн айтып, анын ичинен 200 млн сомун Баткенге бөлүү тууралуу токтом даярдалып жатканын билдирген болчу.

Төлөгөнова үйлөр Баткендин Ак-Сай жана Максат айылдарына куруларын белгилеген. Мындан сырткары өлкөнүн башка аймактарына турак жай куруу үчүн 300 гектар жер аныкталганы айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасында 2021-жылдын апрелиндеги эң ири куралдуу жаңжалда Баткен жана Лейлек райондорунда 140 турак үй жана 84 объект өрттөлгөн.

Өкмөт Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү үчүн 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалган. Бийлик тургундардын үйүн тикелеп берип, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик алган эмес. Кийинчерээк ар бир үй-бүлөгө эмеректерди сатып алуу үчүн 100 миң сомдон берилген.

Ал эми каза тапкандардын жакындары үчүн Баткен шаарынын Чет-Булак айылында шаарча салынган — ага жаңжалда миномёттун огунан каза тапкан 12 жашар Мадинанын ысымы берилген.

«Менин үйүм 2021-2026»

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) «Менин үйүм 2021-2026» программасы 2021-жылдын 16-сентябрында иштеп баштаган. Анын негизинде, мамлекеттик ипотекалык чен 4%га чейин төмөндөтүлүп, турак жайды каржылоонун мөөнөтү 25 жылга чейин узартылган.

Программанын катышуучулары сатып алууну көздөп жаткан кыймылсыз мүлктүн баасынын баштапкы 10%ын же кошумча күрөө төлөшү керек. Кредиттин максималдуу суммасы 4 миллион сомдон ашпоого тийиш.

Ал эми МИКтин дагы бир «Жеткиликтүү ипотека» прогораммасына мамлекеттик мекемелерде иштегендер эле эмес, бардык кыргызстандыктар катышса болот. Программанын ипотекалык чени жылына 8% менен 25 жылга берилет.

Ипотекалык кредиттерди өнөктөш үч банк — «Айыл Банк», « РСК Банк» жана «Бакай Банк» ачык акционердик коому берип жатат.

Тема боюнча:

Мамлекеттик ипотеканы 4% үстөк менен берген турак жай программасы ишке кирди