Мамлекеттик ипотекалык компания Баткендеги чек арага жакын айылдарга турак үйлөрдү курат

Аида Төлөгөнова «Ишеним» фракциясынын жыйынында. Сүрөт: ЖКнын басма сөз кызматы.

Мамлекеттик ипотекалык компания Баткен облусунун чек арага жакын айылдарына турак жай курат. Бул тууралуу 1-апрелде «Ишеним» фракциясынын жыйынында МИКтин башчысы Аида Төлөгөнова маалымдады.

Төлөгөнованын айтымында, үйлөр Баткендин Ак-Сай жана Максат айылдарына курулат.

«Аймактарга турак жай куруу үчүн 3,5 миллиард бөлүндү. Азыр Министрлер кабинети Баткен облусуна 200 миллион сом бөлүү тууралуу токтом даярдап жатат», — деди ал.

Аны менен катар, МИК башчысы компания Кыргызстандын бардык аймактарында турак үйлөрдү курууну пландаганын кошумчалады.

«Аймактарды кыдырып, курулуш үчүн 300 гектар жерди аныктадык, аймактардын тизмесин түздүк. Көп кабаттуу үйлөрдү курабыз. Ал эми долбоор боюнча техникалык, архитектуралык көзөмөлдү Мамлекеттик курулуш агенттиги жүргүзөт», — деп түшүндүрдү ал.

«Менин үйүм 2021-2026»

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) «Менин үйүм 2021-2026» программасы 2021-жылдын 16-сентябрында иштеп баштаган. Анын негизинде, мамлекеттик ипотекалык чен 4%га чейин төмөндөтүлүп, турак жайды каржылоонун мөөнөтү 25 жылга чейин узартылган.

Программанын катышуучулары сатып алууну көздөп жаткан кыймылсыз мүлктүн баасынын баштапкы 10%ын же кошумча күрөө төлөшү керек. Кредиттин максималдуу суммасы 4 миллион сомдон ашпоого тийиш.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева «Клоопко» МИКтин өзүнүн турак жай фонду түзүлүп, көп кабаттуу үйлөр аймактарда да куруларын билдирген.

«Негизи курулуштар, шаарга жана аймактарга курулат. Программанын дагы бир максаты аймактарга турак жайларды куруу менен жарандарды аймактарда кармап калуу, ички миграцияны токтотуу болуп эсептелет», — деп белгилеген ал.

Ал эми МИКтин дагы бир «Жеткиликтүү ипотека» прогораммасына мамалекеттик мекемелерде иштегендер эле эмес, бардык кыргызстандыктар катышса болот. Прогорамманын ипотекалык чени жылына 8% менен 25 жылга берилет.

Ипотекалык кредиттерди өнөктөш үч банк — «Айыл Банк», « РСК Банк» жана «Бакай Банк» ачык акционердик коому берип жатат.

Тема боюнча:

Мамлекеттик ипотеканы 4% үстөк менен берген турак жай программасы ишке кирди

Мамлекеттик ипотекалык компания жылына 4% үстөк менен насыя берүүнү жандандырды