Бишкекте кызга кол салууга шектелген киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкектин Октябрь райондук милициясы супермаркеттердин биринде банкоматка келген кызга кол салууга шектелген кишини убактылуу кармоочу жайга киргизди. Шектүү буга чейин экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин, тил каттын негизинде бошотулган болчу. Маалыматты Октябрь РИИБдин басма сөз кызматты таратты.

Шектүү. Сүрөт: Октябрь РИИБИ.

28-майда Бишкектин тургуну ага 12-кичи райондогу супермаркеттердин биринде белгисиз киши кол салганын соцтармактарда айтып чыккан. Жабыркаган кыздын айтымында, кол көтөргөн киши аны тоноого да аракет кылган.

«Менин колумда [банктык] картадан башка эч нерсе жок болчу, муну көрүп ал бетиме күчүнүн барынча дагы бир жолу урду. Мен теңселип, жыгылып калайын дедим, бетимди басып алып ыйлап, токтотуусун сурандым, ал мени өлтүрөм деп коркутту. Андан кийин мени жеткирген таксинин айдоочусу чуркап келип, аны тынчтандырууга аракет кылды. Дене-боюм калтырап, жардам суроого акыбалым келген жок», — деп жазган ал.

Бул факты райондук милицияга «Бейбаштык» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери шектүү катары 40 жаштагы Э.А аттуу кишини кармаган.

Учурда шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Эгерде сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

«Таш-Рабат» соода борборунда аялга кол көтөргөн жаранга иш козголду