Чүй: Сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши эки айга камалды

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында 15 жаштагы өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва райондук соту прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, шектүүнү Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алды.

24-майда жабырлануучу кыздын Амина аттуу эжеси 15 жаштагы сиңдисине жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши үй камагына чыкканын айтып, укук коргоо органдарына нааразы болгон.

Анын айтымында, окуя 26-мартта болгон. Дүкөнгө келген белгисиз киши 15 жашар кызга жыныстык органын көрсөткөн, өспүрүм байкоочу камералар бар экенин эскерткенде чыгып кеткен.

Кыз окуяны үй-бүлөсүнө айтып берип, алар дароо милиция чакырган. Жабырлануучунун жакындары чакырууга келген укук коргоо органынын кызматкерлери иштин чоо-жайын уккан соң аларды «шылдың кылып күлгөнүн» баса белгилешкен.

Милициянын мындай жоругунан кийин өспүрүм кыздын ата-энеси шектүүнүн сүрөтүн чыгарып алып, өз алдынча издей башташкан. Алар ал киши айылга жакында эле келгенин жана дүкөнгө жакын жашарын аныкташкан.

Аминанын айтымында, шектүү эки күндөн кийин дүкөнгө келип, бирок күнөөсүн мойнуна албай койгон.

Милиция бул факты боюнча «16 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык адепсиз жоруктарды жасоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 14-апрелинде шектүү катары Ош облусунун 35 жаштагы тургунун кармаган.

Жабырлануучунун эжеси шектүү тергөө учурунда жана баш коргоо чарасын тандоодо ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганын айткан. Анткен менен тергөө судьясы А.Аскарбеков шектүүнүн жашаган жеринен оң мүнөздөмөлөр айтылганын, анын үч баласы бар экенин эске алып, аны камакка алуудан баш тарткан.

Ал эми шектүүнүн жакындары жабырлануучу тарапка 150 миң сом сунушташкан. Акчаны алуудан баш тарткан соң, коркутууга өтүшкөн.

Жогорку Кенештин 26-майдагы жыйында депутат Дастан Бекешев дагы ушул маселени көтөрүп, ИИМдин башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаевден шылдыңдаган милиция кызматкерлерине чара көрүлөбү деп суроо салган.

Аширходжаев бул маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн айткан. Ал эгерде бул маалымат тастыкталса анда укук коргоо кызматкерлерине тиешелүү чара көрүлөрүн баса белгилеген.