Чүй: Дүкөндү иштеткен 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн киши үй камагына чыкты

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында 15 жаштагы өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу кыздын эжеси Амина «Кактус медиа» басылмасына билдирди.

Аминанын айтымында, 26-мартта дүкөнгө белгисиз эркек киши келип, сиңдисине жыныстык органын көрсөткөн. Кыз байкоочу камералар бар экенин айтканда дүкөндөн чыгып кеткен.

«Сиңдим ошол күнү чоң апамдын ордуна дүкөнгө чыккан. Дүкөнгө эркек киши кирип, шымынан жыныстык мүчөсүн чыгарып көрсөткөн […] Андан кийин сиңдим көзүнө жаш алып, үйгө чуркап кирип, болгон окуяны айтып берген», — деген ал.

Бул окуядан кийин апасы дароо милиция чакырган. Бирок ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуяны укканда, ачык эле шылдыңдашканын белгиледи.

«“Коркунучтуу эч нерсе болбоптур, эмне үчүн мындай майда-чүйдө нерселерге убара кыласыңар” деп кетип калышкан. Милициянын тергөөчүсү Азамат Эгембердиев болчу», — деди Амина.

Милициянын мындай жоругунан кийин өспүрүм кыздын ата-энеси шектүүнүн сүрөтүн чыгарып алып, өз алдынча издей башташкан. Алар ал киши айылга жакында эле келгенин жана дүкөнгө жакын жашаарын аныкташкан.

«Эки күндөн кийин ал дүкөнгө келип, эжем баарын өзү ойлоп тапкандай, күнөөсүн мойнуна албай баштады. Чоң энем тергөөчү Эгембердиевге дагы телефон чалды. Бирок, ал жооп берген жок. Ага чейин эле шектүү кармалганын айткан», — дейт ал.

Милиция бул факты боюнча «16 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык адепсиз жоруктарды жасоо» беренеси менен кылымш ишин козгоп, 14-апрелинде шектүү катары Ош облусунун 35 жаштагы тургунун кармаган.

Жабырлануучунун эжесинин айтымында, шектүү тергөө учурунда жана баш коргоо чарасын тандоодо ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анткен менен тергөө судьясы А.Аскарбеков шектүүнүн жашаган жеринен оң мүнөздөмөлөр айтылганын, анын үч баласы бар экенин эске алып, аны камакка алуудан баш тарткан.

Өспүрүм кыздын эжесинин айтымында, алардын үйүнө шектүүнүн жакындары келип 150 миң сом сунушташкан. Бирок жабырлануучу тарап акчаны алуудан баш тарткан соң, аларды коркутууга киришкенин билдирди.

«Соттун чечимине баарыбыз таң калып, облустук сотко арыздандык, бирок соттук коллегия биздин арызыбызды кайтарып берип койду. Сотко мындай арыздарды берүүгө укугубуз жок деп жатышат. Ал эми күн сайын бизге шектүүнүн жакындары келишет, алар сөгүп, анан коркутуп жатышат. Бизге акча сунушташкан, бирок биз баарынан баш тартабыз, жазалоону талап кылабыз. Коомчулук реакция кылып, резонанс жаралып, аны бошоткондор менен кошо күнөөлүү да жазасын алат деген үмүттөбүз», — дейт ал.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы «Клоопко» Москва райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарганын тастыктады.

Милициянын маалыматына ылайык, бул факты боюнча «Ыплас аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголуп апрелдин аягына чейин тергелген. Ал убакта 35 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайда болгон.

Кийин Москва райондук соту бөгөт чарасы катары үй камагын тандаган. Ал эми 29-апрелден баштап ишти Москва райондук прокуратурасы тергеп, материалдарды сотко өткөрүп берген.