Кудай буюрса: Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу эмдиги жылы башталат

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалыматтык агенттигине кезектеги жолу интервью берди. Анда президент Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу «Кудай буюрса» 2023-жылы башталарын айтты.

«Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз. Долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатат. Бул жол салынса, биз “туңгуюк" мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт», — деп айтты Жапаров.

Журналист Жапаровдон Орусиянын бул курулушка көз карашы кандай экенин, себеби буга чейин эксперттер «Орусия тарап бул жолдун курулушуна каршы» экендигин билдирип жүрүшкөн. Мисалы, март айында Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев бул долбоор Орусия менен Казакстандын саясий таасирине сокку урушу мүмкүн деген.

Президент темир жолдун курулушу боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн айтты. Жапаров Путинге темир жол Кыргызстанга аба менен суудай керектигин түшүндүргөнүн, ага чейин Орусияга эч ким түшүндүрө алган эместигин билдирди. Буга, Жапаровдун айтымында, Путин Орусиянын каршылыгы жоктугун айткан.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунунун курулушу тууралуу 21-майда минкаб дагы маалымат берип, темир жолдун курулушу 2022-жылдын күзүндө башталарын билдирген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече жолунун курулушун дагы «Кудай буюрса, аягына чыгарабыз» деп айткан. Бул тууралуу ал аталган жолдун курулушун расмий ачып жатып айткан.

Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Өзбекстан, Иран жана Түркия аркылуу өтүп, Европага чыга турган темир жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик 20 жылдан бери жүргүзүлүп келет.