Ошто демөөрчүлөрдүн жардамы менен футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Архив. Сүрөт: Ош мэриясы

2-5-июнь күндөрү Ош шаарында «Мэрдин кубогу 2022» футбол боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Турнирге Ош мэриясынын «Алай», Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи», Өзбекстандын Ташкент шаарынын «Бунёдкор» жана Андижан шаарынын «Анжиян» клубдары катышат.

«Алай» футбол клубунун директору Улан Алымкановдун айтымында, мындай кубоктор көбүнчө чемпионаттын ортосунда көп тыныгуу болуп калган учурда футбол командаларды машыктыруу үчүн өткөрүлүп турат.

«Коноктор чыгымды өздөрү көтөрүшөт. Алар менен келишим дагы түзүлдү. Ал эми кубоктун байге фондуна 200 миң сомду жергиликтүү жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылмай болушту. Ош шаардык мэриясы транспорттук жана коопсуздук кызматтарын камсыздап бермей болуп жатат», — дейт ал.

Оюндар калаадагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт. Мелдештин кирүү акысы 100 сом.

Турнир жарым финалдан башталып, жуптар чүчү кулактан кийин аныкталат.

Мелдешти мэрия, Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасы, Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы жана «Алай» командасы уюштурууда.

«Алай» 1960-жылы негизделген. Ал Ош мэриясына карайт жана жергиликтүү казынадан каржыланат. Аталган клуб Кыргызстандын улуттук чемпионатында 4-орунда бара жатат.