Президент төрт ири компаниянын Санарип министрлигине өткөрүлүшүн түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров төрт ири мамлекеттик компаниянын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүшүн түшүндүрүп берди. Буга чейин Министрлер кабинети мамлекетте үлүшү бар «Кызгызтелеком» ачык акционердик коомун, «Евразия Сактык Банкын», «Альфа Телеком» (Мегаком) жабык акционердик коомун жана «ТНК Дастан» ачык акционердик коомун Мүлк фондунан Санарап өнүктүрүү министрлигине өткөргөн.

Президенттин айтымында, мындай чечим Кыргызстандагы санарип долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максатында кабыл алынган.

«Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан», — деп түшүндүрдү ал.

Жапаров Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү «баары чачыранды болуп», эч ким бири-бирине баш ийбейгендиктен үч жыл бою киргизе албай койгон деп эсептейт. Президенттин айтымында, айрымдар эгер санариптештирүү киргизилсе «жемдеринен» кур жалак калуудан коркушкан.

«Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет», — деди ал.

Андан тышкары, президент төрт мамлекеттик компанияны Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүүгө каршылардын «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар» деп билдирди.

Жапаровдун айтымында, бир жылдын ичинде санарипке өтүү пландалууда.

«Бул иштердин баарын бир жылда ишке ашырасың деп министр Имановдун алдына милдет койдум. Андан бери эки ай өттү. Он ай убактысы калды. Ошондуктан тоскоол болбой жардам гана берип турушубуз керек. Айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса жоопко тартабыз», — деди ал.

Жапаров УКМК, Башкы прокуратура жана ИИМ Ширшовго же Талантбек Имановго «схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай эшек такалап отурушкан» жок деп ишендирди.

«Биз уурдатып коюп карап олтурбайбыз. Биз деле кыргыздын “еврейибиз”. Чычканга кебек алдырбайбыз», — деди ал.

Президент бул мамкомпнияларды сатпоону убада кылып, «кертип кетүүгө» жол бербесин эскертти.

Жапаров депутаттардын дагы сынына да жооп берди. Ал эгер «мамлекеттик компанияларды саткыбыз келсе азыркы турушунда деле сатып жибербейт белек» деп белгиледи.

«Депутаттардын арасында уурдап жеп жүргөн мурдагы чиновниктер бар. Бардык тепкичтерди басып өткөн. Губернатордон баштап президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Жакшы иштерди баштаган министрди "распил" кылганы жатасыңар деп сындап кыйкырып чыгат. Өзү убагында "распил" кылып жүрүп көнүп алса керек. Азыр андай "распил" жок. Мен жогоруда айткандай "распил" кылдыңбы же уурдадыңбы жүз эселеп төгүп берип кутуласың», — деп билдирди Жапаров.

Буга чейин парламент депутаттары мамлекеттик төрт компаниянын Санарип өнүктүрүү министрлигине берилиши канчалык негиздүү экенин изилдеп чыгуу үчүн комиссия түзүүнү сунушташкан. Ошондой эле депутаттар Башкы прокуратурага да текшерүү сунушун беришкен.

Тема боюнча: Садыр Жапаров Ширшов менен көмүскө схема түзбөй турганын айтты

Санарип өнүктүрүү министрлиги жана Ширшов

Мамлекеттик үлүшү бар ири компанияларды Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүү «Дастан» заводунун экс-башчысы Алексей Ширшовдун дээрлик өлкөгө келген убагына туш келгенсиди. 2022-жылдын 10-майында УКМК Ширшовду коррупцияга шектеп кармап, бирок ошол эле күнү сот атайын кызматтын тергөөчү бөлүмүнүн өтүнүчү менен аны үй камагына чыгарган.

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү. Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күндө да иштеп жатканы айтылып келет.

Төрт мамлекеттик компания Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүлгөндөн соң айрым саясатчылар жана активисттер «ширшовдун схемасы» кайтып келди деп тынчсызданышкан.

Анысы аз келгенсип Санарип өнүктүрүү министрлигин быйыл январь айынан бери 2010-жылга чейин «Дастан» заводунда кароолчу, кийин Ширшовдун жеке айдоочусу болуп иштеген Талантбек Иманов жетектеп жатат. Иманов өзү Ширшов менен жолугуп турарын тастыктаган.

Мамлекеттик компаниялардын өткөрүлүшүн «ширшовдун схемалары» менен байланыштуу деген сөздөрдү минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров дагы четке каккан. Ал минаб бул долбоорду эчак эле пландап жүргөнүн айткан.

Ал эми санарип өнүктүрүү министри өзү бийлик «жогорку каржылык туруктуу жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн инвестиция алып келе ала турган жогорку технологиялык санарип холдинг түзүүнү» каалап жатканын белгилеген.