Садыр Жапаров Ширшов менен көмүскө схема түзбөй турганын айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине кезектеги жолу кенен маек курду. Анда энергетика тармагындагы коррупциялык схемалардын автору аталган «Дастан транс улуттук корпорациясынын» мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов тууралуу сөз болду.

Жапаров Ширшов менен көмүскө схема түзгүдөй «Максим (Бакиев) же Айдар (Акаев) эмесмин» деп билдирди. Алексей Ширшов Кыргызстандын мурдагы президенттердин уулдары Максим Бакиве менен Айдар Акаевге өлкөнүн энергетика сектору боюнча кеңеш берип турганы белгилүү.

«Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле президент Ширшовдун келишине байланышкан нааразычылыктарга дагы жооп берди. Ширшовду УКМКнын кызматкерлери 10-майда коррупцияга шектеп кармаган. Бирок ошол эле күнү үй камагына чыгарылган. Кийинкерээк президент Садыр Жапаров Ширшов менен 6-7 ай мурда жолукканын, ал азыр тергөө менен кызматташып, Максим Бакиевдин акчаларын өлкөгө кайтарып алууга жардам берип жатканын билдирген. Президенттин айтымында, Ширшов бозгун президенттин уулунун 200 млн доллары сакталган банкты тапканын айтып, кабыл алуусун суранган.

«Ал эми соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек», — деди өлкө башчысы.

Аны менен катар, бир аз убакыттан кийин кенен айтып берерин кошумчалады.

Президент ошондой эле «мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың» деп билдирди.

«Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт», — деп ишендирди ал.

Алексей Ширшов энергетика тармагындагы «коррупциялык схеманын автору» деп аталып келет. Ал Максим Бакиевдин эң жакын досу болуп эсептелет. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Ширшов өлкөдөн качып чыгып кеткен. Ага сыртынан айып тагылып, эл аралык издөөгө берилген.

Ширшовду электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күндө да иштеп жатканы айтылып келет.