Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСи Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте курулат

Президент Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСи Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте куруларын билдирди.

Президент ГЭСти мамлекеттик күчү менен деле курса болорун, бирок ал үчүн көп убакыт жана каражат талап кылынарын белгиледи.

«Быйыл платина курулчу жерге чейинки жолду өз күчүбүз менен куруу иштерин жакында баштайбыз. Ал эми ГЭСти куруу иштерине кошуна Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдиришти. Азыр үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бир-эки жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз», — деди президент.

Жапаровдун айтымында, ГЭС курууга башка дагы инвесторлор катыша алат.

«Бул ГЭС бизге электр энергиясын колдонууга гана керек. Суусун колдонуу Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөөк керек. Ошондуктан, эки өлкө тең бул ГЭСти курууга катышып, инвестиция салганы жакшы болот», — деп түшүндүрдү Жапаров.

2022-жылдын март айынын аягында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 2022-жылы 20 млн доллар бөлүүнү пландап жатканын билдирген.

Анда Жапаров гидроэлектростанциянын курулушу «жакын арада» башталарын, бирок так качан экенин айткан эмес. Ал ГЭС жакынкы 3-5 жыл аралыгында ишке кирерин да кошумчалаган.

Минкабдын башчысы Камбат-Ата-1 ГЭСи ишке кирип калса гидроэлектростанция Камабар-Ата-2 ГЭСтин ишине дагы мүмкүнчүлүк берерин айткан.

«Ошондо ишке кирген эки ГЭСтин толук жана белгиленген кубаттуулугу 1000 мегаватты түзөт. Эгер аны пайдалуу киловатт сааттарга айлантсак, бул болжолу менен 3,5-4 млрд Квт саат. Бул болжолу менен азыр Токтогул ГЭСи иштеп чыккан көлөмгө барабар», — деген Жапаров.