Жапаров: Кумтөрдө катастрофалар болот, буга мен же Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде Кумтөрдө мындан ары да катастрофалар болорун айтып, кенди «башынан эле туура эмес иштетишкенин» белгиледи.

«Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес», — деп билдирди президент.

Жапаров «Кумтөр» 99 пайыз кыргыз элинин пайдасына чечилгенин айтып, ал тууралуу жакында ийне-жибине чейин толук айтып берүүнү убадалады.

Буга чейин, 24-майда Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун «Кумтөр Голд Компаниге» 261,7 млрд доллар өлчөмүндө штраф салуу тууралуу чечимин жокко чыгарган.

Жарандык активисттер райондук соттон Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоо мыйзамсыз экенин белгилеп, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранган эле.

Кумтөрдөгү адам өмүрүн алган кырсыктар

2019-жылдын 1-декабрында «Кумтөрдөгү» бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушов менен тоо-кен бөлүмүнүн адиси Өмүрбек Ишенбеков Лысый мөңгүсүнө жакын жер кыртышынын көчүшүнөн улам дайынсыз жоголуп кеткен. Кийинчерээк ӨКМ аларды издөө иштерин токтоткон.

Ал эми 2020-жылдын 15-февралында «Кумтөр Голд» ишканасында экскаватор айдап иштеген 25 жаштыгы Жеңиш Ибрагимакунов иш учурунда экскаватору менен кошо Петров көлүнө кулап, чөгүп кеткен.

Бул фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен катталган.

2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облустук прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жиберген.

Өткөн жылы «Кумтөр Гол Компани» ишканасын текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров кен иштеп баштагандан бери 19 адам каза тапканын, бирок акчалай кенемте төлөнгөндөн кийин иштер жабылганын айткан. Ал айрым иштер кайрадан каралып баштаганын белгилеген.

Тема боюнча:

Кумтөрдө карьердин каптал тектери жылышып, жумушчулар менен техникалар чыгарылды

Бишкек шаардык соту «Кумтөргө» 261 млрд сом штраф салуу чечимин жокко чыгарды