Кумтөрдө карьердин каптал тектери жылышып, жумушчулар менен техникалар чыгарылды

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жылыша баштаган жерден жумушчулар менен техникалар чыгарылганын билдирди. Буга чейин жер кыртышынын каптал тектеринин жылышы тездегендиктен жер массасынын көчүү коркунучу жаралганы белгилүү болду.

Бөлтүрүктүн айтымында, алар «абалды изилдеп чыгуу» үчүн адистерди чакыртышкан.

«Бул табигый көрүнүш. Адистерди чакыртып, изилдеп жатабыз, бул эми табигый көрүнүш да. Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң: анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот», — деди ал «Азаттыкка» кенге баратканын кошумчалап.

Кумтөр кени. Сүрөт: Президенттин сайты.

Tazabek басылмасы 26-майда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 18-майда эле ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын бергенин, комиссия борбордук карьердин каптал тектеринин жылышынын тездешинин себептерин жана кесепети кандай болушу мүмкүндүгүн изилдеп жатканын билдирген.

Комиссия бир жуманын ичинде карьердин Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш тарабындагы жер кыртышынын жылышына эмне себеп болгонун аныкташы. Ошондой эле комиссия «Кумтөр Голд Компаниге» жер кыртышынын жылышын басаңдатуу жана аны токтотуу боюнча сунуштарды бериши зарыл.

Бирок «Кумтөр Голд Компанинин» басма сөз кызматы 26-майда комиссия абал менен жеринде таанышып, керектүү маалыматтарды чогултуп кеткенин, бирок сунуш бериле электигин «Азаттыкка» билдирген.

Ошондой эле басылма ведомстволор аралык комиссиядагы маалымат булагына таянып, борбордук карьердин Чыгыш тарабындагы каптал тегинде жарака кеткенин, ал жер массасынын көчүүсүнө алып келиши мүмкүн деп билдирүүдө.

«Комиссиянын мүчөлөрү көчүшү мүмкүн жердин көлөмүн жана анын карьерге кесепетин изилдеп чыгышы керек», — деп жазат «Азаттык».

Кумтөр — Борбор Азиядагы ири алтын кен. Аны «Кумтөр Голд Компани» туундуу компаниясы аркылуу Centerra Gold Inc. иштетип келген, Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылып келген жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелчү. Учурда кенди Кыргызстандын бийлиги иштетип жатат.

Былтыр май айында кенге сырткы башкаруу киргизилген. Парламент компанияга тышкы башкаруучу кылып канадалык Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү дайындаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компания бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат, кыргыз өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп билдирген. Ошондой эле алар, Бөлтүрүктү, андан кийин эле кыргыз өкмөтүн сотко беришкен.

Апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан. Келишимдин дагы бир негизги шарттарынын бири, эки тарап тең бири-бирине койгон дооматтардан жана бардык соттук талаштардан баш тартышканы болгон.

Минкаб жана Centerra келишим кол коюлгандан 90 күндөн кем эмес убакыттын ичинде жабылат деген үмүттө.

Дагы окуңуз: Бишкек шаардык соту «Кумтөргө» 261 млрд сом штраф салуу чечимин жокко чыгарды

«Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы