Ошто жолбун ит капты деген 19 адам ооруканага кайрылды

Иллюстративдик сүрөт

Ошто 2-июнга карата 19 адам жолбун ит капканын айтып ооруканага кайрылды. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык санэпидкөзөмөл борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 13ү Ош шаарынын жашоочулары, алардын ичинен 11и жаш балдар. Ал эми калгандары шаарга жакын райондордун тургундары.

Санэпидкөзөмөл кызматы билдиргендей, кайрылгандардын баары 31-май күнү «кара ит» тиштеп алганын айткан. Тургундарга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилди. Ошондой эле кутурмага каршы вакцина сайылды.

Буга чейин «Турмуш» басылмасы жолбун ит алгач Төлөйкөн айылындагы Мамакеев санаторийи жактан, андан соң Түштүк-Чыгыш кичи районунда тургундарды каап алганын жазган. Ит атып өлтүрүлүп, лабораторияга жиберилгени айтылган.

1-июнда Ош мэриясы жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталарын билдирди. Ошондой эле ата-энелерге балдарды көчөдө кароосуз калтырбоону эскертишти.

Тургундар белгисиз иттер каап алган учурда тез арада Тез жардам кызматына (103), ошондой эле Ош шаары, Курманжан-Датка көчөсү/157 дареги боюнча Ош шаардык ооруканасынын травматология борборуна кайрылcа болот. Оорукананын байланыш телефону: (03222) 4-85-97.

Мэриядан ит багуучулар керектүү эмдөөлөрдү жүргүзүп, адамдарга кол салбоосу үчүн эрежелерди сактоого тийиш деп кошумчалашты.