«Сорос-Кыргызстан» фондунун директору УКМКга сурак берди

УКМК «Сорос-Кыргызстан» фондунун директору Шамиль Ибрагимовду суракка алды. Фонддун директору суракка чакырылганы 2-июнда белгилүү болду.

Ибрагимов УКМКнын сурагынан кийин сурак фондун имаратынын менчигине байланыштуу болгонун билдирди.

«Учурда “Сорос” фонду жаман жана башка делип айтылган конспирологиялык мүнөздөгү анонимдүү видеолор көп эле чыгып жатат. УКМК андай видеолордун бирине көңүл бурууну чечиптип, ал видео “Сорос-Кыргызстан” фондун 23 жыл мурда имаратын мыйзамсыз сатып алган деп айыптаган. Эмнегедир ал бүгүн да көтөрүлүп жатат», — деп билдирди ал.

Ибрагимов 23 жыл эч кандай доомат коюлбаганын, сатык келишим мыйзамдуу экенин жана УКМКда маселеге «чекит коюлду» деп үмүттөнөт.

«Имаратты сатуу-сатып алуу келишими мыйзамдуу болгон. Муниципалдык менчикте болгон имаратттын баарын мамлекетке кайтаруу керек деген маселе менен бизге эч ким келген эмес. Мен бул токтом имараттарды мыйзамсыз алгандарга көбүрөөк тиешелүү деп ойлойм. 2012-жылдан кийин прокуратура жана Салык кызматы сыяктуу түрдүү мамлекеттик түзүмдөр бүгүнкү күнгө чейин бала бакчалардын имараттарында отурушат, аларга эч кимдин доосу жок да», — деди ал.

Материал жарык көрөр алдында УКМК Ибрагимовдун сурагы боюнча комментарий берген жок.

«Сорос-Кыргызстан» фонду соцтүйүндөрдө фейк жана троллдордун чабуулуна көп эле кабылат. Соцтүйүндөргө фонд «элдин душмандарын» каржылайт деп айыптаган видеолор чыгат. Алардын авторлору көз карандысыз ЖМКны, анын ичинде «Клоопту» дагы «эл душманы» көрүшөт.