ТИМ: Чек арадагы бардык көйгөйлөр саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек

3-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Баткен облусунун Булак-Башы тилкесинде болгон чек ара чыры, кыргызстандык эки аскердин оор жаракат алышы боюнча комментарий берди.

Министриликтин өкүлү Авазбек Атаханов чек арадагы кырдаалдын курчушуна алып келе турчу шарттарды болтурбоо үчүн жетишилген макулдашууларды аткаруу боюнча өзгөрүүсүз позицияда экенин белгиледи.

Аны менен катар министрликтин өкүлү бардык көйгөйлөр саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек деген пикирде.

«Тараптар чек ара маселелерин чечүүдө конструктивдүү жана боорукер маанайды түзүүгө өз ара аракет кылышы керек», — деп айтылат Атахановдун билдирүүдө.

Чек арадагы ок атышуу

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда ок атышуу катталган. Анын кесепетинен Кыргызстандын эки аскери жаракат алганы айтылган.

Чек ара кызматынан Булак-Башы жерлигинде тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнүн билдиришкен. Алар кыргыз чек арачыларынын аймактан чыгып кетүү талабына баш ийбей, ок чыгарган.

Мындан улам эки тараптуу ок атышуу катталып, «тажик тарап миномётторду колдонгону» айтылган.

Чек ара кызматынан телефон аркылуу ок атышууну токтотуу макулдашылганына карабастан, «тажик тарап ок атууну токтотпой жатат» деп белгилешкен.

Ошондой эле тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча учурда ок атышуу токтолган. УКМКнын чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин билдиришти.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жарадар болду, бирөөнүн абалы оор