Ноокатта эки кишини бутка атып кеткендер изделип жатат

Ош облусунун Ноокат шаарында эки кишини бутка атып кеткендер изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 5-июнь күнү саат 9:00дө Ноокат шаарынын Алимбаев көчөсүндө катталган.

Ноокат шаарынын 30 жаштагы «Н.И» аттуу тургуну эрте менен үйүнөн чыгып, борбордук базарга бара жатканда «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа аны кууп келип, каршы тараптагы көчөнүн кесилишинде бурулуп жаткан «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү унаа менен кагышканын айтып берген.

Анын сөзүндө, «Дэу Нексия» унаасынан белгисиз киши түшүп, аны менен уруша кеткен. Унаадан дагы бирөө чыгып, кишини сол бутка бир жолу атып жиберген.

Ал эми «Тойота-Авенсис» унаасынын айдоочусу «П.Х» унаадан түшкөндө аны да сол бутуна бир жолу аткан. Андан соң үч киши «Н.И» аттуу кишинин колунда баштыкты алган бойдон качып кетишкен. Баштыкта 60 миллион өзбек суму (450 миң сом) болгону айтылды.

Жерине милиционерлер барып, жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Алардын абалы «орто» деп бааланып жатат.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдү кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Тема боюнча:

Ошто ИИМдин кызматкери жол талаша кетип айдоочуга ок чыгарды