Бейшеналиевдин иши: Марипов менен Новиков суракка алынышы мүмкүн

Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов менен экс-вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу кылмыш иши боюнча суракка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралган Октябрь райондук сотунун жыйынында белгилүү болду.

Прокурор козголгон кылмыш ишинин алкагында Новиков менен Мариповго юридикалык баа берилерин билдирди. Бирок прокуратуранын тергөөчүсү буга чейин алар суракка алынганбы-жокпу айтканын маалымдаган жок.

Башкы прокуратурадан 24.kg басылмасына Марипов жана Новиков коронавируска каршы вакцина сатып алуу боюнча кылмыш ишинде азырынча фигурант эместигин билдиришти.

«[...] Бирок эгерде тергөөчүдө иштин алкагында кимдир бирөөнү суракка алуу зарылдыгы жаралса, ал көрсөтүлгөн адамдарды чакырууга же жагдайды тактоо үчүн беттештирүү жүргүзүүгө укуктуу», — дешти көзөмөл органынан.

Улукбек Марипов азыркы учурда Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси. Ал эми Артём Новиков Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Кийинчерээк 4-июнда президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, Жаркынбек Касымбековду министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевди бир айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян тийгизген деп шектелип жатат. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга Орусия, Кытай, Азербайжан, Казакстан жана бир катар эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам катары 451 миң 560 доза вакцина берилери макулдашылганы айтылган.

«Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон», — деп айтылган Башкы прокуратуранын маалыматында.