Бишкекте эки милиционер пара опузалоого шектелип кармалды

Бишкекте 3-июнда Свердлов РИИБнин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

11-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран кайрылып, «Искен жана Каниет аттуу милиция кызматкерлери март айынан бери 15 миң доллар опузалап жатканын» билдирген. Арыз ээсинин айтымында, милиционерлер акчаны анын телефонунан уруксатсыз жүктөп алышкан видеону таратпоонун ордуна опузалашкан.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Ички иштер органдарынын катарын паракорлордон тазалоого багытталган иштер уланууда», — деп айтылат Ички иликтөө кызматынын билдирүүсүндө.

Материалдын автору: Бегимай Ырыскулова