Коргоо министрлиги: ЖККУнун алкагында Казакстанга жиберилген аскерлерге маяна төлөндү

Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун тынчтык орнотуучу миссиясына катышкан Кыргызстандын аскер кызматкерлери тиешелүү төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Январдын башында Кыргызстандан коңшу мамлекетке жалпы 150 аскер жиберилген, алар Алматыдагы ТЭЦ-2 стратегиялык объектисин кайтарышкан.

«Өткөндөгү, январь айындагы Казакстанда болгон кырдаалда биздин 151 жоокерибиз барып келди. Барып келгенден кийин, ошолорго жөлөк пулун төлөп бергенге, бизде мыйзам түрүндө жок экен да статьяларыбыз. Ушуга чейин кармап келип туруп, мына бир ай болду, ошону азыр төлөп бере алдык», — деди ал.

Майдын башында Кыргызстандын аскер кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылып, Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун тынчтык орнотуу миссиясына катышканы үчүн тиешелүү төлөмдөрдү ала албай жатышканын айтып нааразы болушкан. Анда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тынчтык орнотуу миссиясынын бардык мүчөлөрүнө тиешелүү төлөмдөр жакын арада төлөнөрүн билдирген.

Кыргызстандык жоокерлер Казакстанда. Сүрөт: Кыргызстандын Коргоо министрлиги.

Казакстандагы нааразычылыктар жана ЖККУнун аскерлерин киргизүү

Казакстанда 2022-жылдын январында суюлтулган газдын баасынын көтөрүлүшүнө каршы митингдер башталган. Тынчтык акциялары митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышына чейин жеткен. Анда Алматыда оор кырдаал түзүлгөн — шаарда талоончулук, өрт коюу, административдик имараттарды басып алуу жана күч түзүмдөрү менен куралдуу кагылышуу орун алган. Расмий маалыматтарга караганда, яндардагы окуяларда 225 киши каза болгон.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

Натыйжада Кыргызстандан коңшу өлкөгө 150 аскер, 8 бирдик брондолгон техника жана 11 унаа жөнөтүлгөн. Алар Казакстанга 7-январда кирип, Алматыдагы ТЭЦ-2 стратегиялык объектисин кайтарышкан.

Ал эми 11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын билдирген.

Ал эми 9-апрелде коңшу өлкөгө барыпа келген аскерлерге президент Садыр Жапаровдун атынан баалуу белектер тапшырылган.

Тема боюнча: ЖККУнун алкагында Казакстанга жиберилген аскерлер: Маянабызды дагы деле ала албай жатабыз